Фархат Бекмамбетов, талапкер: “Сөздөн ишке өтөбүз… ”

Ата-Журт Кыргызстан»- партиясынын үгүт кербени бул сапар Талас облусунда болду. Эл биздин талапкерлерди жылуу кабыл алып,  колдоорун билдирип, баталарын беришти.

“Урматтуу туугандар! Эсиңиздерде болсо керек 2005-жылкы парламенттик шайлоодо элдин добушун уурдап, шайлоо жыйынтыгын бурмалап жатканда акыйкатсыздык болбосун деп баарыбыз ушул Талас шаарында чогуу болуп, каршылык көрсөтүп, аягында Акаевдин бийлиги кулады эле. Андан кийин 2010-жылы апрель окуясыда, былтыр дагы баарыбыз акыйкатсыздыка каршы түп көтөрүлө чогулуп турдук. Мына ошол окуялардан кийин быйыл бийлик өзү таза шайлоо өткөрөлү, таза коом куралы деп аракет кылып жатышат. Мени Фархад шайлоого барасыңбы дегенде олигарх болбосом, сапырылган акчам болбосо кайдагы шайлоо дедим эле.  Бирок азыркы шайлоо жаңы мыйзам менен өтөрүн эске алып, элге журтка таза кызмат кылганымды  ойлоп элдин добуш, колдоосун алып келем шайлоого аттандым.  Менден мурунку кандидаттар Ата-журт Кыргызстан саясий партиясынын келечектеги жети багыттан турган программаны айтып кетишти. Чындыгында 30 жылда көптөгөн программалар жазылды. Астыга 40 кадам деп артка 40 кадам  кеттик. Астыга 70 кадам деп 70 жылга артка кетип кала жаздадык. Бунун баары аткарылбай эле сөз жүзүндө эле айтылган деген токтоду. Мен ишенимдүү түрдө айта алам эгерде сиздер мени колдоп берсеңиздер биз сөздөн ишке өтөбүз! Талас облусундагы ар бир көйгөйлүү проблемаларды билем. Буга чейинки кино тармагындагы жасаган иштеримди анын ичинен Курманжан датка киносун, Айтыш фондундагы иштер, КТРКнын байкоочу кеңешиндеги, Маданият министрлигинде кылган кызматты баарыңыздар жакшы билесиздер. Ар бир жерде үзүрлүү эмгек кылдым. Азыр сиздер колдоп берсеңиздер Жогорку Кеңеште бир гана Талас элине эмес, жалпы кыргыз журтуна керектүү мыкты мыйзамдарды жазып, ишке ашканын көрөсүздөр!Сиздерди уят кылбай иштеп берем деп так айта алам. Кечээ мага ак таңдай акын  Аалы чалып “Фархад аке Жогорку Кеңешке барып эмне кыласыз андан көрө биз менен эле  чогуу маданияттын казанын кайнатып, айтыш, кино жана башка чоң иштерди жасап, жумасына көк-бөрү , футбол ойноп жүрө бербейсизби”-дейт. Мен Аалыкеге бул кылып жүргөн иштердин мындан дагы өнүктүрөбүз дедим, Аалыке куурчак депутат болбой, буурчак депутат болуңуз деди. Куурчак депутат дегени өз бизнесин ойлоп, өзүнө гана жан тартып иштегенди, Буурчак  депутат дегени бул Талас элин азыркы күндө багып аткан буурчак-фасолдой элдин камын көргөн, элди баккан депутатарды айтты! Жогорку Кеңешке барып калсак мен дагы эл үчүн кызмат кылууга даярмын. Чынында эле акыркы 30 жылда көп сөз айтылды. Биз көп сүйлөбөйлү “Сөздөн ишке өтө турган мезгил келди”-деп атабыз.  Анда эмес иштейли туугандар!”-деди ал

Популярные новости