Билимдүү тажырыйбалуу талапкер Саидбек Зулпуев

Билимдүү, тажрыйбалуу, буга чейин жооптуу кызматтарда иштеп келе жаткан талапкерлерибиздин бири — Зулпуев Саидбек Мейраджинович. Билимдүү деп атаганыбыздын чоң себеби бар. Анткени, ал Кыргызстанда окууга өтүү оор кезде Москванын Плеханов атынданы экономикалык Академиясында билим алган. Окууну бүтүп келген соң бир нече кызматтарда иштеген. Алсак, ишканалардын директору, каржы министринин орун басары, бир нече мамлекеттик ишканаларда начальник, борбордук казыналыктын директорунун орун басары. Кыскасы, санай берсең тажрыйбага бай экени көрүнүп эле турат. Жогорку Кеңешке дал ушундай күчтүү, билим сапаты жогору, эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаган, айтаар сөзү бар, тил билген инсандар керек. Саидбек Майраджинович 2012-жылдан бери банктардын жоюу агенттигинде директор болуп эмгектенген. Козу карындай жайнаган банктарды жоюу үчүн өтө чоң эмгек керектелет. Өлкөнүн кандайдыр бир каржы иштеринде, бюджеттик комитеттерде, талаш тартыштарда каарманыбыздай күчтүү экономисттерди Жогорку Кеңешке алып келүү зарыл.
“Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуз!

Популярные новости