Берадор Борбиев татыктуу талапкер

Берадор Борбиевди кыргыз коомчулугу ырчы катары тааныйт. Бирок ал саясый чөйрөнү эң мыкты өздөштүрүп, баардыгын талдап, позициясынан тайбай, коомчулуктун сын-пикиринен коркпой өзүнүн оюн ачык айтып жүргөндөрдүн бири.Биздин депутаттарга көбүндө туруктуулук, позицияга бекемдик, жашоосуна принципиалдуулук жетишпейт. Ал эми дал ушул сапаты менен элдин оозуна, калың элдин сыйына ээ болгон Бек Борбиевди колдоп алсак, келечекте мыкты депутат чыгаарына ишенсек болот. Саясый туруктуулукту каалаган коомго Бек Борбиев бирден бир каарман. Билими дагы жогору, алдым — жутуму жок. Мамлекеттик жумушта иштесе дагы коррупцияга аралашкан эмес. Азыр коррупцияга аралашпаган мамлекеттик кызматкерди табуу аябай оор. Элибиз азыр таза, сүйлөп да иштей да алган, абийири таза, акылы бийик депутатка аябай муктаж. Мына ушул муктаждыкты чечип берүү максатында Бек Борбиев Токтогул жергесинен шайлоого аттанды. Касиеттүү жерди жердеген элибиз эки өлчөп бир кесип, өзүнүн уулун кош колдоп алаарына көзүбүз жетет.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуз!

Популярные новости