Бакыт Төрөбаев, талапкер: » Биздин балдарыбыз күчтүү болуп, келечекке койгон максаттарына жетсин»

Ата-Журт Кыргызстан»- партиясынын үгүт кербени бул сапар Талас облусунда болду. Эл биздин талапкерлерди жылуу кабыл алып,  колдоорун билдирип, баталарын беришти.

“Урматтуу туугандар, жаштар. Мен  Талас областында көп келем, туугандар, өкүл балдар бар. Эсте кала турган эки нерсени айтып коёюн. Айыл чарба багытында көп нерселерди ишке ашырдым. Ошол убакта Таласка келе жатып ар бир үйдө жарыя сыяктуу эле “лопатка 30 же 20 сом”-деп жазылып турчу. Мен аны лопатка сатылат экен деп ойлоптурмун. Көрсө ал фасоль турбайбы . Кечээ келе жатып андай жазууну окубадым.  Бүт эле камаздар турат. Менимче бул жерде азыр фасоль жакшы болуп жатат.  Фасолдун негизинде дыйкандар баюуда.  Фасолдун түшүнүгү жогору болсун деген ойду айткым келет.  Экинчи эстей турган нерсе  1995-жылы бир кезде Манас эпосунун 1000 жылдыгы, майрам болгон. Ошондо тойго деп келип, күрөштү, спорттун башка түрүн көрүп эле маани бербей кетип калганбыз. Кийин саясатчы болгондон кийин түшүндүк. 1992-жылы президент буйрук чыгарып,  1995-жылы  30-августта Манас эпосуна  1000 жыл деп майрам өткөргөн. Бул жерде айрыкча жаштар 69 мамлекеттин өкүлү келген. Эки президент, Түркиянын президенти Демирель, Азербайжандын президенти  Гейдар Алиев сөз сүйлөп кетишкен. Мунун мааниси ушул, 1995-жылдан баштап кыргыз эли, элдин маданияты бар экен деп айттырган чоң маараке болгон. Ошол  69 мамлекеттин өкүлдөрүн сиздер тосуп жашынакай өткөрүп бергенсиздер. Сиздерге чоң рахмат.  Урматтуу агайын туугандар биз дүйнөгө  революциялар менен эмес, президентти кубалап же түрмөгө олтургузуп эмес, дүйнөгө туубуз, гимнибиз бар, элибиз ынтымакта биримдикте жашайт деп жакшы жагынан таанылышыбыз керек. Бүгүн элибиз туура партияны тандап, биздин лидер айтып кеткен 7 багыттын ичинде улуттук маданиятты өнүктүрүү, саясый жана илимий техникалык интеграциялык деген багыттарыбыз бар. Биз бул жерде кайнап турбай, сыртка дагы чыгарып, жаңылыктарды алып келишибиз керек. Кыргызстаныбыз  борбор Азияда маданий, интеграциялык борбор деп аталышыбыз керек.  Же биз сырттан жакшы нерселерди алып келип, азыркы заманга жараша спорт, илимий жагынан болсо да үйрөнүп, биз жакшы жагыбыз менен таанылышыбыз керек.Эли бай, меймандос эл экен деп таанылат. Мына ушул жакка багыт алышыбыз керек. Ошондуктан Талас областынан бир гана талапкерди чыгарды. Бир талапкер  маданият чөйрөсүндө иштеген, өмүрүн берген адамды тандадык. Ушул Фархатты колдоп бериңиздер.  Мурда бир эле партияны шайлап коюп талапкер депутат болуп кетчү. Анан элдер “биз шайлаган адамыбыз келбей калды”-деп айтышчу. Мунусунда андай болбойт. Азыр партияны шайлайсыздар, андан кийин талапкерди да шайлайсыздар. Фархат №38ди шайлайсыздар. Аны шайласаңыздар  Фархатты колдоду деп билебиз.  Мына биздин “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын лидери жаш, медик жигит. Урматтуу жаштар, биздин ата журтубузду, маданиятыбызды, үрп адаттарыбызды, каада-сактайлы, аксакалдарды  сыйлайлы. Биздин балдарыбыз күчтүү болуп,  келечекке койгон максаттарына жетсин деп тилек кылалы.  “Ата Журт Кыргызстан” партиясын шайласыңыздар адашпайсыздар”-деди талапкер.

Популярные новости