Ата Журт Кыргызстан №21 Өлкөнү оңдой турган команда чогулду

Мамлекетибиз бекем, ата журтубуз өнүккөн, Кыргызстаныбыз күчтүү болсо гана эгемендүүлүгүбүздөн камсанабай элибиз бейпил жашайт. Учурдагы абалыбыз жакшы эмес экени белгилүү. Кыргыз эли мындан ары жакшы жашоого татыктуу, өнүккөн Кыргызстанда бейпил турмуш кечирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Кудай буюруп, сиздер колдоп берсеңиздер, “Ата Журт Кыргызстан” партиясы элибизди жогорудагыдай айтылган жашоого жеткирүүгө болгон аракетин жасайт. Биздин партиянын негизги максаты мурастарыбызды сактап,  күчтүү  жана гүлдөгөн өлкөнү келечек муундарыбызга  калтыруу. Кыргызстан чындаса, гүлдөп, өнүккөн өлкө болууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Биздин партиянын негизги максаты дагы ушул.  Эгерде биздин партия шайлоодо колдоо тапса, республикабыздын жашоосун оңдоого күч кубатын жана аракетин жумшаарына  ишенебиз. Кубаттуу мамлекетти куруп, Ала-Тоого душмандын суук колун сундурбай, экономикалык, саясый чоң өзгөрүүлөрдү жасай тургандар биздин командада чогулганын баса белгилеп кетебиз.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуз!

Популярные новости