«Ата-Журт Кыргызстан” №21. Турсунбай Бакир уулу: Өлкөнү өзгөртүүгө элге чоң мүмкүнчүлүк берилди, туура пайдаланыңыздар!


“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Айбек Маткеримов баштаган мүчөлөрү бүгүн, 31-октябрда Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын шайлоочулары менен жолугушту.
Талапкер Турсунбай Бакир уулу партиянын Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча программасы элди кыдырганда, эл арасынан түшкөн жүйөлүү сунуштар каралып, олуттуулары кошулаарын, оңдолуп-түзөлөөрүн билдирди.
Ошондой эле, ал медицина тармагындагы маселелерге көңүл бурду.
“Пандемия болбосо медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын билбеген бойдон жүрө бермекпиз. Эми бизге дарыгерлер, медайымдар, санитарлар керектигин түшүнүп калдык. Кесиптердин арасынан бир гана медкызматкерлер Гиппократка ант берет, ошондуктан алардын көйгөйлөрүн чечип берүү башкы милдетибиз болушу зарыл”, — деди Бакир уулу.
Талапкер бул жолку парламенттик шайлоо элге түз берилген мүмкүнчүлүк болгонун белгиледи.
“Президентибиз Садыр Жапаров биринчи жолу таза шайлоо өткөрүп берейин деп жатат. Ага эмне тоскоол болушу мүмкүн? Өзүбүз. Шайлоого барбай эле коеюн деген кайдыгерлигибиз. Эми андай кылбашыбыз керек. Азыр кайсы талапкер көп добуш алса, ошол депутат болот. Бул демек, элдин арасынан суурулуп чыккан, чыныгы татыктуу адамдардын эл өкүлү болушуна жол ачат. Мүмкүнчүлүгүңүздөрдү туура колдонуңуздар. Кийин бармак тиштеп калбагыдай, туура, таза тандоо жасаңыздар!” – деди Турсунбай Бакир уулу.

Популярные новости