“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Равшан Сабиров: “Бардык аракетибиз бакыбат эл, түптүү мамлекет үчүн!”


“Ата-Журт Кыргызстан” партиясы бүгүн, 23-ноябрда Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушту. Анда талапкер Равшан Сабиров буга чейин берилген убадалар жана аткарылган иштер тууралуу айтып берди.
“Кумтөрдүн” артынан канчалаган жүрөктөр ыйлады, канчалаган апалар сыздады, канчалаган жаран түрмөгө камалышты. Ошол кыйынчылыктан кийин “Кумтөрдү” кыргыз элине алууга жетиштик, бул биздин жеңишибиз!
Коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн үлгүсүн биздин команда көрсөтүп жатат. 30 жылда бюджетте 750 миллион сом каралып келсе, 9 айдын ичинде 7,5 миллиард сомду бюджетке түшүрүүгө жетиштик! Кустурушту дейсиздерби, алганын кайтарышты деп айтабызбы, айырмасы жок, башкысы жыйынтык көз алдыбызда турат.
Былтыр парламенттик шайлоо алдында эл менен жолукканыбызда пенсия, пособиелерди көтөрөбүз дегенбиз. Буйруса, ал убадабызды аткардык, 1-октябрдан тартып пенсияга 400-600 сом кошулду. Кыргызстанда 730 пенсионер болсо, алардын пенсиясын көбөйтүү үчүн 4,5 миллиард сом, ал эми пособиеге 8 миллиард сом бөлдүрдүк.
Дагы бир маселе – мамлекеттик чек араларды бекемдейбиз деген элек. Бүгүнкү күндө бул жаатта алгылыктуу иштер болууда. Армиябыз укмуштуудай түптөлүүдө, заманбап техникалар алынып келинди. Акырындык менен мамлекетибиз бакыбат, түптүү мамлекетке айланууда.
30 жылдан бери профицитке чыкпаган бюджетибиз бул жылы 1 миллиард сомго профицитке чыкты. Бул эмнени билдирет? Бул деген бүгүнкү күндө мамлекеттин алып бараткан саясаты туура багытта экенин билдирет! Келерки жылы бюджет эки эсеге өсөт, мындан ары жыл сайын өсүүнүн үстүндө болобуз. Анын негизинде мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка кесиптеги жарандардын маяналары жогорулайт!” – деди Равшан Сабиров.
Ошондой эле, ал сот тармагында реформа жүрүп жатканын, бул боюнча өлкөнүн 7 облусунда жумушчу топтор түзүлүп, ишке киришкенин, реформанын максаты жүрөгү таза, кесипкөй, мыйзамды туу туткан сотторду алып келүү экенин белгиледи.

Популярные новости