“Ата Журт Кыргызстан” №21 Жамиля Жаманбаева күчтүү юрист

Жаманбаева Жамиля Акматбековнанын өмүр баянын карап туруп суктанасың.  Кыргыз  Улуттук университетинин “Юриспуденция” багыты  боюнча билим алгандан кийин 1998-жылдын 3-июнунан баштап, Кыргыз Республикасынын прокуратурасына ишке орношкон. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы, 2001-2004 — жылдары  Свердлов райондук прокуратурасында улук тергөөчү, прокурордун улук жардамчысы,  2004-2007 жылдары Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору, 2007-2007-жылдары Башкы прокуратуранын маалымат–катчысы, 2007-2011-жылдары Чүй областынын Сокулук районунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген. Бул тажрыйба  Жогорку Кеңеште ушунчалык керектелет. Анткени парламент мыйзам чыгаруучу орган. Ал жерде юридикалык билим сөзсүз керек болот. Билим гана эмес тажырыйбасы да көп, эл өкүлдөрүнүн арасында кадыр баркы бийик болуп, укугун сакталышы жагынан шайлоочуларын так коргой алат. Андыктан, депутат кылып дал ушундай айымдарды шайлашыбыз керек.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуз!

Популярные новости