«Ата Журт Кыргызстан» №21 Алишер Козубаев эл үчүн иштеген инсан

Жаш болсо дагы өзүнүн уюштуруучулугу жана иш билгилиги менен элдин оозуна алынган Алишер Козуев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан шайлоого аттанды. Мамлекет мүмкүн болушунча жарандарын иш менен камсыздоонун аракетин көрүп жатат. Буга жеке ишкерлер, талапкерибиздей мыкты инсандар жардам беришүүдө. 2014-жылы Кара-Суу районунун айыл чарбасын өнүктүрүү максатында Мамажан айылында 2 гектар жер аянтчасына өзүнүн жеке каражаттарынын негизинде соода жана көлөмү 500 тонналык логистикалык борбор куруп, бул долбоордун алкагында Кара-Суу районунун жалпы фермерлери жалгыз гана жергиликтүү рыноктордун жанында эл аралык рынокторго да продукциясын чыгаруу жана сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. 2017-жылы “Россия Нефть” ЖЧКсын негиздеп, бул компаниясында бир тууган инилери менен алгылыктуу иштерди жасап, бүгүнкү  күндө 40 унааларга күйүүчү май куюучу бекеттер жана 2 нефтебаза менен кызмат көрсөтүүдө, ал эми ишканасында 700гө жакын адам эмгектенип, үй-бүлөсүн багып келе жатат. Демек,   Алишер Козуев парламентке эл өкүлү болуп келсе, дагы көп иштерди жасаарына ишене берсеңиз  болот.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуз!

Популярные новости