“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Айбек Маткеримов: Мыйзамды бир түндө жазып, бир күндө өткөрүп салмай адаттан арылышыбыз керек

“Атасы үчүн баласы жооп бербейт” деген сөз бар. Бирок мамлекетти талап-тоногон адамдарга сабак иретинде балдарын дагы мамлекеттик кызматтарга жолотпоо боюнча мыйзам иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Айбек Маткеримов бүгүн, 17-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Жийде айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Ал парламентке барып калышса, биринчи кезекте калк пайдасына иштей турган мыйзамдарды жазып жана аны көзөмөлгө алышаарын айтты. Ошондой эле, учурда коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатканын жана ага айрым колу булганган адамдар каршы чыгып, күрөш жүргүзүп жаткандарды жаманатты кылууга аракеттенип жатышканын белгиледи. “Биз ар бир мыйзамды жазаарда сиздерге, элге кайрылып акылдашабыз. Кандай сунуштарыңыздар болсо карап көрөбүз. Мыйзамды бир түндө жазып, бир күндө өткөрүп салмай адаттан арылышыбыз керек. Учурда мамлекетте коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрүүдө. Бирок ал мамлекеттин чөнтөгүнө колун салып, талап-тоногон адамдарга жакпай калды. Дараметтери жетишинче күрөш жүргүзгөндөрдү каралап, элге жаман көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Бирок сиздер андай жалган маалыматка эмес, көзүңүздөр менен көрүп жаткан фактыларга ишенесиздер. Биз коррупция менен күрөшүү саясатын колдойбуз жана парламентке барып калсак ууру-кескилер менен күрөшөбүз! Биз коррупционерлерге элдин казынасынан өөнөп алган байлыгын мамлекетке кайрадан кайтартып гана тим болбостон, аны экинчи мамлекеттик кызматка жолобой тургандай кылалы деп жатабыз. Ал турмак коррупционерлердин балдары дагы мамлекеттик кызматка дайындалуу укугунан ажыратылышы керек. Ошондо, жеке чөнтөгүн эл казынасынын эсебинен толтуруудан мурда “ушул кылганымдын кесепети балама тийип калбасын” – деп ойлонушат. Чечкиндүү, катаал чараларга өтпөсөк болбой калды!” – деди Айбек Маткеримов. Ошондой эле, ал 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоодо 21-номурдагы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын шайлоого, мыйзам чыгаруу органына татыктуу талапкерлердин келишин камсыздап берүүгө элди чакырды.

Популярные новости