«Ата-Журт Кыргызстан» №21. Айбек Маткеримов: Биздин бир гана максат бар, ал – келечек муунга өнүккөн өлкөнү өткөрүп берүү

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы бүгүн, 30-октябрда Нарын шаарынын эли менен жолугушту. Анда лидер Айбек Маткеримов партиянын алдыга койгон планы жана парламентке баруудагы максаты тууралуу айтып берди.“Биздин партиянын алгачкы жолугушуусу касиеттүү Теңир-Тоо өрөөнүнөн жөн жерден башталган жок. Мамлекетибиздин ар бир бурчу, ар бир чарчы жери жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү. Сиздер тоолуу, жаратылышы катаал өрөөндө жашап, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн салым кошуп келатканыңыздарга таазим кылам.“Биздин ”Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы саясий, экономикалык туруктуулукка багыт алып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошобуз деген изги тилекти кармандык. Катарыбызда буга чейин мамлекеттик кызматтарда өзүн жакшы жагынан көрсөтүп келген, Жогорку Кеңештин трибунасында элге керектүү мыйзамдарды коргоп келген инсандар жана эч кандай жаман окуяларга аралашпаган, өлкөбүздү талап-тонобогон, билимдүү, жаш талапкерлер баратат. Алардын арасында өзүңүздөрдүн уулуңуздар Жаныбек Исаев да бар. Биздин бир гана максатыбыз бар, ал – мамлекетти алдыга чыгарууга көмөктөшүү. Келечек муундар өнүккөн, мыйзам басымдуулук кылган, ар бир жаран бирдей жашоо-турмушта жашаган жана ар бир жарандын укугу тең сакталган өлкөнү өткөрүп берүү”, — деди Айбек Маткеримов.Ошондой эле, ал алдыдагы парламенттик шайлоо кыргызстандыктар үчүн чоң сыноо болоорун белгиледи.“Сиздердин тандоо мамлекетибиздин келечегин аныктайт. Туура адамдарды, туура партияны тандасаңыздар, мамлекет да туура жолго түшөт”, — деди ал.

33Комментарии: 1Поделились: 3НравитсяКомментироватьПоделиться

Популярные новости