“Ата-Журт Кыргызстан” №21Айбек Маткеримов: “Саламаттыгы чың улутка ээ болгубуз келсе, медицина тармагын көтөрүшүбүз керек!

✅

”Кыргызстанда 30 жылдан бери чечилбей, катмарлашып кеткен көйгөй көп, аларды сапаттуу, элдин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдар менен чечүүгө болот. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын бүгүн, 23-ноябрда Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов айтты. Ал эң башкы көйгөйлөрдүн бири болгон медициа жаатына токтолду. “Пандемия медицинабыздын акыбалы кандай экенин көрсөттү. Жарытылуу көңүл бурулбагандыктан тармактын сыны кетип, алаканда дем алып калганы белгилүү болду. Кадрдык таңкыстык, керектүү, заманбап медициналык жабдыктардын жоктугунун айынан былтыр илдет күч алып турганда канча деген жарандарыбызды колдон жулдурдук. Менин кесибим дарыгер болгондуктан, бул тармактын маселесин жакшы билем, ар бири мага тааныш жана ар бирине жүрөгүмдү оорутуп келем. Мунун баары биздин эл бийлеген аткаминерлер 30 жыл бою ооруп калса чет өлкөгө чуркаганынан келип чыкты. Алар биздин ооруканаларда дарыланышпагандыктан, биздин медициналык тейлөөдөн пайдаланышпагандыктан чыныгы акыбалын көрүшпөдү, көрсө да көрмөксөнгө салышты. Анткени, аларга бул тармакты көтөрүүнүн зарылчылдыгы жок болчу. Биздин медицина карапайым, чет өлкөгө дарыланууга чыга албаган калкка керек. Элдин көйгөйүн чечүүчү учур келди! Биринчи кезекте медицина тармагын жакшыртып, калктын саламаттыгын биринчи орунга коюубуз керек. Калктын ден соолугу чың болсо, жумушчу күчү пайда болот, жумушчу күчү көп болсо, экономикабыз көтөрүлөт. Биз үчүн ар бир жарандын өмүрү, саламаттыгы кымбат. Биздин партия парламентке барып калсак, медицина жаатын көтөрүү үчүн аракет кылабыз жана тиешелүү мыйзамдарды жазабыз!” – деди Айбек Маткеримов.

Популярные новости