“Ата Журт Кыргызстан” партиясы мыйзамсыздыкка эч качан барбайт!!

Учурда айрым массалык маалымат каражаттарында “Ата Журт Кыргызстан” саясый партиясынын мүчөлөрү Бишкек шарындагы дарыканада жана ооруканада иштегендерди кысымга алып партияны колдоого мажбурлап жатыптыр деген маалыматтар чыгууда. Андыктан,  аталган партия бул маалыматты толугу менен четке кагып төмөнкүлөрдү билдирет:

“Ата Журт Кыргызстан” партиясы эч качан мыйзамсыз иштерди жасабай, Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын так жана туура сактайт. ММКларга чыгып жаткан баардык маалыматтар жөн гана шайлоонун жүрүшүндөгү атаандаштар же көрө албаган адамдар тарабынан жабылган жалган жалаа.  Чындыгы болсо тастыкталып фото, видео күбөлөр менен далилденмек. Бул жерде жөн гана маалымат катары берилүүдө. Биздин баардык талапкерлерге эч качан мыйзамдан чыкпоого, так сактоого эскертүү берилген. Алар мыйзамдан чыкпайт, ошондой эле дарыканада жана ооруканада иштегендерге мыйзамдан чыгууга мажбурлабайт”…

Популярные новости