«Ата Журт Кыргызстан»№21 Бакыт Төрөбаев мезгил сынагынан өткөн депутат

Партия мүчөлөрү жөнүндө…

Бакыт Төрөбаев… Бул ысым кыргыз саясатында өтө көп убакыттан бери келе жатат. Негизи саясый чөйрөдө мынчалык көп убакытка чейин кармалууга өтө көп аракет, күжүрмөндүк, акылгөйлүк, кырдаалдан чыга алган кыраакылык талап кылынат. “Ата — Журт Кыргызстан” партиясынын катарында дал ушул күчтүү стратег саясатчы бара жатат. Өткөн чакырылышта өзүнүн партиясы менен ат салышып, жаңы гана партия болсо дагы алдыңкы орундарды алып парламентке өттү. Бул ар бир саясатчынын кыялы болгону менен көпчүлүктүн колунан келбейт. Андыктан буга баа берип койсок болот. Бакыт Эргешович айрым катаал учурларда өзүнүн принцибинен тайбай, айтчусун айтып, министрлердин каталыктарын санап берип, учурдагы кырдаалга туура баа берип элибиздин алдында тура алды. Башка саясатчылардай жөнөкөй эле сөздөн чоң ызы-чуу жаратып, микрофонго жулунган жок. Сүйлөөр учурда гана кырдаалга жараша өзүнүн баасын берип, такшалган саясатчы экенин көрсөттү. Демек, келе жаткан шайлоодо дагы шайланып калса, буга чейинки топтогон тажырыйбасын эске алып, жакшы иштерди жасаарына ишендирип кете алабыз.

Популярные новости