Турсунбай Бакир уулу, талапкер: “Түлөбердиев Мотросовдон биринчи эрдик жасаган”

“Ата-Журт Кыргызстан”- партиясынын үгүт кербени бул сапар Талас облусунда болду. Эл биздин талапкерлерди жылуу кабыл алып,  колдоорун билдирип, баталарын беришти:

“Кадырлуу, каарман, баатыр Талас элим. Быйыл Кыргызстанда жана дүйнөдө мусулманчылык орногонуна  1270 жыл болот экен. Өзүнчө жыл юбилей.  751 жылы Аббасит  Халифаттын аскери Талас дарыясына келгенде  нары жагынан кытай аскери келгенде биздин аталарыбыз, Таласта жашап жаткан уруулар чечип койгон.   Ата бабаларыбыз ата бабаларыбыз Аббасит Халифаттын тарабын алып кытайды жеңип, ошондон баштап Орто Азияда ислам орногон. Биздин ата бабаларыбыздын эрдиги чексиз. Болбосо мусулман болбой, буддист болуп ташка сыйынып жүрмөкпүз. Дагы бир каарман деген себебим мен 2-курста окуп жатканда сабак бүткөн соң  СССРдин тарыхынан берген агайыбыз кимде суроо бар деп калды. Мен туруп “Эмнеге Чолпонбай Түлөбердиев агабыз Матросовдон бир жыл алдын эрдик жасаса эмнеге Матросовду айтасыңар”-десем агай чоочуп кетти. “Жолдош студент сиз ушул менен алектениңиз”-дейт. Мен муну менен алектенсем КГБ камап салат дедим. Бул маселени Киевге аспирантурага окууга барганда чечтим.  Москвада гезитке кат жаздым. Ал жактан мага ошол учурдагы фамилям Эргешов болгондуктан  “Киевдеги Эргешов деген студент туура айтып жатат. Матросов биринчи эмес, Чолпонбай Түлөбердиев бир жыл алдын эрдик жасаган”-деп келген. Мен ал тастыкталган катты Киров районуна Түлөбердиевдин музейине жибергем. Ошентип тарыхта адилеттик орногон.  1999-жылы октябрь айлардына Баткен окуясы болгондо Афганистанга барып, талибандар менен сүйлөшүп, Кыргызстандан моджахеддерди чыгарып, туткундан баарын бошотуп  келгем. Алардын ичинде өзүмдүн агам, силердин кулунуңар генерал Анарбек Шамкеев да бар эле.   66 күн туткунда болду. Чыгып кеткиле дегенде  Тажикстанга алып чыкканбыз. Ошол кезде туткунга түшкөндөрдүн бири дагы духу түшкөн жок. Биз муну жаштарга айтышыбыз керек. Кечээ апрель айында Тажикстан кол салганда көрбөдүкпү. Мындай тарыхый мисалдарды айтышыбыз керек. Элибиз каарман баатыр болгон. Кыргыз элине кол салам десең ойлонгун,  кыргыз жооп берсе каттуу жооп берет дешибиз керек. Манас атабыздан кантип титирешсе, азыр титиреш керек. Биз лидер айтып кеткендей кемчилик, каталар менен күрөшөлү деп атабыз. Жаңы бийлигибиз Түркиядан жаңы техникаларды алып жатат. Россия болсо бизден дагы алгыла деп чуркап келишти. Армиябыз күчтүү болсо, эч бир бийлик кол сала албайт. Армиябызды күчтөбөсөк балдарыбызды коргой албайбыз. Жетим жесирлер көбөйөт.  Экинчиден армиябызды бага албасак, жат өлкөнүн армиясын багабыз.  Азыр бийликтин кадамын колдошубуз керек. Тышкы саясатты өзүңөрдүн балаңар мыкты дипломат, дайыма мактап жүрөм Руслан Казакбаев бар. Президенттин баардык кадамдарын ошол аныктап жатат. Ошол үчүн эч качан чөгүп кетпешибиз зарыл. Биздин ата бабаларыбыз   ушундай Кыргызстанды бизге калтырдыбы, биз дагы калтырышыбыз керек. Ал үчүн болсо биринчи кезекте авторитети жоголгон, плинтустан ылдый түшүп кеткен парламентти көтөрүшүбүз керек.  Мурдагы парламенттин өзгөчөлүгү өкмөттүн ишине кийлигишип, министрлерди алмаштырышчу. Азыр мыйзам жаза турган  парламент болот. Ага силер болсо тандап алып шайлашыбыз керек. Кечээтен бери Фархат менен сүйлөшүп жатам. Маданият боюнча пландары чоң экен.  Айбек иним айтып кеткендей жаштарыбызды тарбиялашыбыз керек. Жаштарды тарбиялабасак  эмне болуп жатат. Өзүнө кол салгандар, лезбиянкалар, гейлер, ата энесин карыялар үйүнө тапшырып салгандар көбөйдү. Ата энеси тирүү балдарды жетимдер үйүнө беришүүдө. Мындай нерсе биздин кыргызда жок эле да. Мунун баарын мектептерге ыйман сабагын киргизишибиз керек. Балдарыбыз баарын үйрөнүшөт. Телефондо көп жаман нерселер бар. Таласка келгенде дайыма сүйүнөм, баардыгы жоолукчан.  Ыйман десе силерди эстейм. Жаштарыбызды тарбияласак мыкты жаштарыбыз бийликке келет, коррупция дегенди билишпейт. Коррупция эмнеге бар. Акыретти ойлонбогондор. Акыретте сурак бар, Алла Тааланын алдында жалгыз өзүбүз жооп берет. Ошон үчүн бул жашоону таза жашашыбыз керек. Аллах Таала насип кылып парламентке келип калсак, бирөөнүн айтканы менен эмес мыйзам менен жашайбыз. Азыр көбү камалып жатат. Элди тоготпой, элден эсиргендер камалсын. Бирок биз барсак, мыйзам менен иштеп баарын жоопкерчилигин карайбыз. Мигранттар түшүргөн акча бюджетибизди толтуруп жатат. Бирок чет өлкөгө барып, тажиктердин, чечендердин, азер кыз-келиндерин көрбөйбүз. Анткени алар үйдө бала тарбиялайт. Бизде андай болбойт жатат. Кыз-келиндерибиз иштеп ата энесин туугандарын багууда. Муну биз мамлекеттик саясатка айландырып, мүмкүн болсо иш орундарды мамлекеттен түзүшүбүз керек.  Дайыма эле айтып жүрөм, чет өлкөдө иштеп жүргөн кыз келиндер мыкты инсан болуп калыптанып жатат. Бир жолу Якутияга барып калсам мечиттин имамы мага “кыргыз ишкерлерге чоң рахмат. Мечитти медресени ошолор куруп берди”-дейт. Ошондой мечиттерди, ооруканаларды бизге курса болбойт беле. Аны кылыш үчүн салыктардан 5 жыл бошотуу зарыл. Мындай болсо кыз келиндерибиз кетпей, бала ата-энесинин кароосунда чоңоёт эле. Ата-энеси Россияда болсо, өзү бул жакта калып, төбө чачты тик тургузган окуяларга туш болушууда. Туңгуч акыйкатчы катары сиздерге өкүлчүлүк ачкан элем, бүгүнкү күндө дагы иштеп жатыптыр.  Аллахтын ысымы менен ант берем, Ата Журт Кыргызстан партиясы шайланса келе бериңиздер. Элден алыстаган саясатчы бул саясатчы эмес, бул мансапкор!-деди талапкер.

“Ата Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуздар!

Популярные новости