Кубаныч Кадыров, талапкер: “Манастын жети осуяты менен жашашыбыз керек”

“Ата-Журт Кыргызстан”- партиясынын үгүт кербени бул сапар Талас облусунда болду. Эл биздин талапкерлерди жылуу кабыл алып,  колдоорун билдирип, баталарын беришти:

“Таластык туугандар, күз күрөш, жаз жарышка карабай бизди колдоп келгениңиздерге таазим.  Урматтуу мекендештер, Таластан эчендеген баатырлар чыгаандар, залкалар, саясый коомдук ишмерлер чыккан. Манас атабыздын урпагы болгонубузга сыймыктанышыбыз керек. Манас атабыздай дүйнөдө жок, кыргыз эли аны миллиондон ашык ыр сабы менен даңазалап келет.  Бул кыргыз ким экенин айтылып турат. Манас атабыздын бар. Алар 1.Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги. 2.Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык. 3.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариетю 4.Арыбас мээнет, алдынкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу 5.Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк 6.Табият менен таттуу мамиледе болуу. 7.Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.  Ушул эле жолдор менен жашасак мамлекетибизде революция болбой жакшы жолдорго түшөбүз деп ойлойм. Таластан эчен баатырлар чыккан. Эл жерин колдоп Эр Солтоной баатыр чыккан. Ал кишинин “жоодо өлгөн салтанат, төшөктө жаткан жаман ат”-деген. Андан бери айта турган болсок Бердике баатыр жунгарларды кубалап чыгып, кыргыз жерин бошотуп, көлдүн тескейине барып, көл боюнда үч  жыл жашап Бердике хан деген наамга ээ болгон.  Көп өлкөгө барсаң Кыргызстан десең билбегендер көп,  бирок Чыңгыз Айтматов десек баары тааныйт. Кыргызды тааныткан, таазим дешибиз керек.  Касым Кайымов атабыз да Таластан чыккан. Сүйүнбай Эралиев, Эстебес Турсуналиев, Алымкул Үсөнбаев кандай залкарлар. Пандемиядан кийин социалдык экономикалык абалыбыз аябай оор. Биз сиздерди  туура түшүнөбүз. Себеби аны жон терибиз менен сезип жатабыз. Экономикабыз абдан аксады. “Ата Журт Кыргызстан” партиясы келсе жакшы мыйзамдар жазылат. Бүгүнкү күндө мыйзамдар таптакыр иштебей жатат. Жакшы мыйзамдар жазылса, инвестиция келет. Инвестиция келмейинче бир дагы мамлекет оңолбойт. Инвестор келиши үчүн жакшы мыйзамдарды жазуу зарыл. Эмне үчүн бизге инвесторлор келбей жатат. Себеби баарын талап тоноп коркутуп тартып алышат.Сиздер колдоп, биз келсек жакшы мыйзамдарды жазсак,  Кытай, Турция менен сүйлөшсөк фасолдун жаңы сортторун алып келсек менимче Талас элине пайдалуу  болмок. Билим берүү жана медицина жагынан аябай аксап жатабыз, программабызда так даана жазылды. Быйылкы жылы жер жерлерде суу жок.  Ата Журт Кыргызстанды колдоп берсеңиздер суу сактагычтарды тезирээк салып, элдин камын ойлобосок болбой калды.  Жаштарыбызга жаңы үй-бүлөлөргө үй салганга жер жок. Жерди мурдагы аким, губернаторлор алып алган. Бизди колдоп берсеңиздер мыйзам чегинде ал жерлерди жаштарга алып бергенге жакшы мыйзамдарды жазабыз”-деди талапкер.

“Ата Журт Кыргызстан”- партиясын колдоңуздар!!

Популярные новости