“Ата Журт Кыргызстан” №21 Таалайбек Сарыбашов чарбачыл инсан

Ош шаарына кимдер гана мэр болбогон. Касиеттүү шаарды кандай гана адамдар башкарбады. Алардын катарында “Ата – Журт Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, депутаттыкка талапкер Таалайбек Сарыбашов бар. Артынан ээрчиген ушактардын баарын жокко чыгарып, күнү-түнү иштеп чыныгы чарбачыл адам экенин көрсөттү. Саясатка аралашып, тигил – бул жерге башын салган жок. Көп улуттуу, маселеси күнүгө кайнаган шаарды башкарууда элдин сыйына, сүйүүсүнө татыды. Жогорку Кеңешке келбей туруп мыкты кадр экенин көрсөттү. Эми шайлоочулардын ишенимине татыса, шаардын эмес, калктын бүтүндөй Кыргызстандын маселесин чечүүдө өзүнүн дипломаттыгын, чыдамдуулугун, принципке бекемдигин көрсөтөт. Мындай адамдарды топтоо менен “Ата Журт Кыргызстан” партиясы команданын өтө күчтүү экенин билдирип турат. Парламентте Сарыбашовдой сүйлөп, иштеп баарына жетишкен депутаттар аба менен суудай керек.
“Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуз!

Популярные новости