“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Маткеримов: Баткен – мамлекеттин жүрөгү, чек арада тынчтык орногондо гана Кыргызстан тынч болот


Мамлекеттин борбору кайсы деген суроого чек ара аймагы деп жооп беришибиз керек. Чек ара аймагын мамлекеттин жүрөгү катары баалап, бир чарчы метр жерибиз үчүн бек турганда гана өсүш болот. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын бүгүн, 10-ноябрда Баткен шаарынын шайлоочулары менен болгон жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов билдирди.
Ал ушул жылдын апрель айында адам өмүрүн алган чек ара жаңжалын эске салды.
“Кичинекей кызыбыздан айрылганыбызда мен Кулундуда болчумун. Жарандарыбыздын өмүрү учкан жаңжал жүрөгүмдү катуу оорутту. Жарандардын өмүрү – мамлекеттин өмүрү. Аларды жоготуу бир гана үй-бүлөлөрүнө түшкөн күйүт эмес, жалпы мамлекеттин күйүтү! Биз эми мындай окуялардын кайталанышына жол бербешибиз керек! Ал үчүн туура тандоо жасайлы!” – деди Маткеримов.
Ошондой эле, чек ара аймагына мамлекеттик деңгээлде өтө чоң көңүл буруу зарылдыгын токтолду:
“Биз Ата-Журт Кыргызстан – туруктуу өнүгүү жолунда деген ураан менен шайлоого баратабыз. Биринчи кезекте саясий, социалдык, экономикалык, каржылык туруктуулук керек. Туруктуулуктун ичинде коопсуздугубуз да бар. “Кошунаң тынч болсо, сен да тынчсың” деп коет, Баткен жерибиз тынч болгондо гана жалпы Кыргызстан тынч болот. Мамлекетибиздин борбору кайсы дегенде, чек ара деп билишибиз керек. Чек араны коргоп жашаган элди борбордун элиндей кадырлап, жерибиздин ар бир чарчы жерин көздүн карегиндей сактаганыбызда гана мамлекетти алдыга жылдыра алабыз”.
Лидер андан ары таза шайлоо менен гана көкүрөктө уюп келаткан аруу максаттарга жетүүгө болоорун, туура тандоо менен гана келечек муунга татыктуу коом түзүлөөрүн белгиледи.
“30 жыл ичинде кимдерди гана шайлабадык. Баары эмес, арасында бир убакта биз ишенип добуш бергендерибиз кайра элге каршы иштеди. Ошондуктан, туура тандоо жасайлы! Жумушсуздуктун айынан канчалаган уул – кыздар чет элде мигрант болуп жүрүшөт, ар бириңиздердин жок дегенде бирден балаңыздар мигрант болсо керек. Мен мигранттарга таазим кылам, анткени мен дагы бир убактарда мигрант болгом, түйшүгүн жон теримден өткөргөм”, – деди.
Айбек Маткеримов сөзүнүн соңунда элди дагы бир жолу таза шайлоого, туура тандоодон адашпоого чакырды:
“Биз бүгүн тандообуз менен өлкөнүн келечегин аныктайбыз! Жарыбаган акчанын кулу болобуз деп келечекте бөтөн элге балдарыбызды кул кылып албайлы! Кооз сөз, таттуу убадаларга ишенебиз деп, эртең мамлекетибизди жоготуп албайлы! Добуш берээрде көз алдыңыздарга балдарыңыздарды, неберелериңиздерди элестетип, аларга кандай келечек тартуулай турганыңызды так билип, анан тандоо жасаңыз!”

Популярные новости