“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Жаныбек Исаев: Өнүгүүгө, өсүүгө каалоосу, умтулуусу күчтүү эл добуш сатпайт!


Бүгүн, 30-октябрда “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы Нарын шаарынын шайлоочулары менен жолугушту. Анда партиянын талапкери Жаныбек Исаев элди добушту сатпоого чакырды.
“Мен Нарын шаарында төрөлүп-чоңойгом. Жердин сырын, маселесин жакшы билем жана буга чейин, мындан кийин да ал маселелерди чечүүгө, жеңилдетүүгө салымымды кошо берем. Бизде билим, тажрыйба бар, буйруса аларды эл, мамлекет үчүн пайдаланып, өлкөбүздүн алдыга жылышына сүрөөнчү болобуз.
Мен элден бир гана нерсени суранам – добушуңуздарды сатпаңыздар! Биз парламенттик шайлоого мекенибиздин жеңилин жерден, ооруп колдон алууга, биргеликте учурдагы оор кырдаалдан чыгарып кетүүгө баратабыз. Буйруса, жеңишке жетишип калсак, биздин Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү программабызды ишке киргизебиз. Өнүгүүгө бет алууга сиздер да жардам беришиңиздер керек. Ал жардам – туура тандоо жасоо! Добуш сатуу, сатып алуу көрүнүштөр катталбай, таза шайлоо өткөрө алсак, мына ошол кыргызстандыктардын биринчи жеңиши болот. Мына, ушул биздин элдин өнүгүүгө, өсүүгө каалоосу, умтулуусу күч болуп калганын билдирет! 30 жылдан бери добуш сатып жүрүп, кандай абалга кептелгенибизди көрүп турабыз. Эми таза жашоону тандайлы, шайлоонун таза өтүшүнө ар бирибиз чын дилибизден салым кошолу!” – деди талапкер Жаныбек Исаев.

Популярные новости