«Ата-Журт Кыргызстан» №21. Айбек Маткеримов: Элди акчага сатып алам дегендердин адамдык касиети жок!


Добуш сатып алгысы келген талапкер тууралуу бир окуя: Бир талапкер аксакалга миң сомун көтөрүп барыптыр, “Ушул акчаны алып, мага добуш берип коюңуз”, – деп. Аксакал айтат: “Мага миң сомдун кереги жок, андан көрө базардан эшек сатып бер”. Талапкер базарга барса эшек 40 миң сом экен, албай, кайра аксакалга келет. “Мен эшек сатып бере албайм, 40 миң сом экен. Миң сомду эле алыңыз”, – дейт. Аксакал: “Мен сага ошондо эшектен да арзанмынбы?!”
Бул окуяны “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Тайгараев айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуусунда айтып берди.
Лидер элди эшектен да арзан баалаган, сатып алуучулук “өнөрү” өркүндөп кеткен айрым талапкерлерге алданбоого чакырды.
“Эптеп добуш алуу үчүн кандай гана амалдарды ойлоп табышкан жок. Эл өз баасын билиши керек! Элдин баасы чексиз, ал баа – акыйкаттык жана калыстык! Элди малдай кылып сатып алам дегендердин адамдык касиети жок, ага бардык нерсе акча менен өлчөнүп, акча менен бааланып калган! Мен сиздерге жүрөгүмдөгүнү айтып, жүрөктөн берген добушуңуздарды алуу үчүн келдим. Кылган ишим, ниетим таза болгону үчүн элден качпадым, акчага сатып алууга аракеттенбедим. Биз добуш сатуу терс адатынан арылышыбыз керек! Акча келет – кетет, а абийирибиз биз менен түбөлүк бирге калат. Акча алган же башкаларга сунуштаган адам бир гана өзүн эмес, үй-бүлөсүн, тууган-уругун уятка калтырат. Ал ошол кылыгы менен балдарыбыздын келечегине балта чабууда! Балдарыбыздын, мекенибиздин келечеги үчүн терс адаттарыбызды калтыралы!” – деди Айбек Маткеримов.
Ошондой эле, ал өлкөбүздүн толуп жаткан көйгөйлөрүн жакшы билээрин, ошол эле медицина жаатындагы маселелер кесиби дарыгер болгондуктан аны да кыйгап өтпөгөнүн, так ошол өзү көрүп-билип жүргөн мүчүлүштүктөр саясатка аралашуусуна түрткү болгонун белгиледи.

Популярные новости