“Ата-Журт Кыргызстан” шайлоого аттанды…

10-октябрда “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата 3-курултайын өткөрдү. Ага партиянын ар кайсы аймактардан келген делегаттары, саясий жана коомдук ишмерлер, жарандык активисттер катышты. Сөз сүйлөөгө чыккан делегаттар баары бир ооздон бул сапар шайлоонун таза өтөөрүнө ишенишээрин белгилешти. Ошондой эле, баары чогуу – чаран талапкерлер тизмесин бекитишти. Ага ылайык, тизменин курамында мурда – кийин эл арасында белгилүү болгон саясатчылар, мурдагы аткаминерлер жана жаңы жүздөр бардыгы белгилүү болду.

Айбек Маткеримов, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери: “Бул биздин жеңиш, биздин ийгилик, ошондой эле бизге жүктѳлгѳн чоң милдет жана жоопкерчилик!”

– Партиябыздын бүгүнкү курултайын ѳткѳрүү менен саясий тарыхтын жаңы барагын жазып атабыз. Анткени, саясий партиялардын шайлоо алдындагы кабыл алган чечимдери ѳлкѳбүздүн саясий, социалдык жактан ѳнүгүүсүнѳ түздѳн түз таасир этет. Демек, бүгүнкү “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын  иш-чарасынын  тарыхый мааниси  чоң.

Демократиялуу ѳлкѳлѳрдүн башкы принциптеринин бири – таза, ачык шайлоолордун ѳтүүсү. Тилекке каршы, ѳткѳн жылдын октябрындагы парламенттик шайлоолор болуп кѳрбѳгѳндѳй  мыйзам бузуулар менен ѳтүп, ал элдин нааразычылыктарын жаратып, эл шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышып, жыйынтыгында баарыбыз билген окуялар орун алды. Анын натыйжасында алдыда кезексиз парламенттик шайлоо ѳткѳнү турат. Элдин, коомдун талабы дагы деле ошол бойдон, ѳзгѳргѳн жок.  Ачык, таза, шайлоо мыйзамдарынын талабына, эрежелерине тѳп келген шайлоону ѳткѳрүү. Ѳткѳн жылдын октябрындагы окуялардан кийин президенттик, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор ѳттү. Ачыгын айталы, шайлоолордун таза ѳтүүсүнѳ ишеним, үмүт пайда болду. Анткени, президенттик шайлоонун ѳтүүсүндѳ административдик ресурстарды колдонуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо, партияларга басым кѳрсѳтүү кѳрүнүштѳрү болгон жок. Атүгүл жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алуу фактылары орун алып, Бишкек, Ош, Токмок шаарларына кайрадан шайлоолор ѳткѳрүлдү. Эгерде буга дейре шайлоодогу мыйзам бузуу,  добуштарды сатып алуу фактыларына кѳз жумду мамиле болуп, шайлоочулардын нааразычылыктары эске алынбаса, бул ирет андай болгон жок. Бул шайлоочулардын бүгүнкү бийликке болгон ишенимин жандандырды.

Бул ѳңүттѳн алганда, президент Садыр Нургожоевичтин “мындан ары шайлоолор таза  ѳткѳрүлѳт, шайлоонун таза, ачык ѳтүүсүнѳ тоскоолдук кылган мамлекеттик органдар, кызмат адамдары мыйзам чегинде жоопко тартылат!”- деп айткандары аткарылууда. Биз шайлоонун бул сапар таза өтүшүнө ишенебиз!

Жергиликтүү шайлоолордо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы да жеңишке жетишип, жер-жерлерде алдыңкы позицияларга ээ болду жана  партиянын жаш, прогрессивдүү, өлкөбүздү талап-тоноого катышпаган, мамлекетибиздин мүлкүнө кол салбаган, элибиздин ырыскысын жебеген мүчѳлѳрү депутат болуп шайланышты.

Партиянын  тизмесинин катарында  басымдуу кѳпчүлүгү жаштар, мурда, кийин саясатка аралашпагандар болушту. Бул жагдай шайлоочулардын ишенимин арттырып, ѳз добуштары менен партиябызды колдоого алышты.

Бул биздин жеңиш, биздин ийгилик, ошондой эле бизге жүктѳлгѳн чоң милдет жана жоопкерчилик!

Шайлоочулардын минтип зор ишеним артуусу бизге жаңы күч, дем берип, эми алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аттанып жатабыз.

Биздин партиянын эң негизги максаттарынын бири – жемкорлор менен күрөшүп, эл душмандарын жазалоо. Себеби, өзүңүздөр билесиздер, отуз жылдан бери бир ууч уурулар өлкөбүздү каалагандай талап-тоноп келди, мына бүгүн да алар баштарына кара булут айлана баштаганын сезип, аларга каршы аеосуз күрөш ачкан патриот жетекчилерге бут тосууга аракет кылууда. Биз буларга жол бербейбиз! Анткени, алдыбызда журтубуздун эркиндиги, келечеги турат. Сүйүктүү өлкөбүздү өркүндөтүп, өстүрүүгө азыр бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мына ушул колубузда турган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өлкөбүздү өнүктүрүп өстүрө турган мезгил келди.

Надира Нарматова, коомдук ишмер: “Төрөтканадан башталган коррупция көрүстөнгө чейин жетти”

– Биздин коомдун башкы душманы – коррупция. Ошондуктан, биздин программабызда аны менен күрөшүүгө өзгөчө басым жасалды. Коррупция менен күрөшүүдө башын алып койгондон маселе чечилбейт. “Желмогуздун чоңунан кичинеси кыйын” деген сөз бар. Анын сыңарындай биринчи кезекте ылдыйкы мамлекеттик башкаруу органдарын, облустук, райондук жергиликтүү бийликти, биринчи кезекте айыл өкмөттөрүндөгү коррупцияны тазалашыбыз зарыл. Болбосо, элибиз бул жаман, өлкөнү артка тарткан көрүнүштөн кутулбайт. Коррупция азыр төрөтканадан башталып жатат, бала жарык дүйнөгө келээри менен ушундай сызыкка түшөт, кайда барбасын, кай жакшы карабасын – жемкорлук. Бала бакча, мектеп, окуу жайы, жумуш, анан барып өлгөндөн кийин акыркы жайың боло турчу көрүстөндө дагы коррупция. Биз муну токтотууга чечкиндүү чара көрбөсөк болбойт.

Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери: “Менин кубанганым – бүгүн биз тизме түзүүдө таза, жаш, булганбаган кадрларды топтоп жарышка түштүк”

– Былтыркы октябрь айындагы окуялар мындан ары акыйкаттыктын жолунан тайбоону, бийликтин ээси, булагы эл болоорун дагы бир жолу тастыктады.  Эгемен мамлекет болгонубузга туура 30 жыл толду  жана бул аралыкта элибиз оош-кыйыш көп окуяны баштан кечирди. Сыймыктанчу да, өкүнткөн  да учурлар орун алды. Бирок кандай гана оор кырдаал болбосун, акылман элибиз мезгил сыноосунан сынбай, акыйкаттыкты туу туткан жолунан тайган жок.

Ырасында, чейрек кылымдан ашык убакыт, көз ирмемчелик көрүнгөн менен эгемендүү эркин мамлекет болгонубуз башкы сыймыгыбыз экенин айкын көрсөттү. Биз бул эркиндикти бекем кармашыбыз керек. Биздин байыркы тарыхыбыз бар. Тамырыбыз тереңдеди.

Былтыркы октябрь айындагы окуялар мындан ары акыйкаттыктын жолунан тайбоону, бийликтин ээси, булагы эл болоорун дагы бир жолу тастыктады. Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөө, коомдогу биримдикти сактоо, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоо – баарынан бийик экенин көрдүк. Өлкөбүз системалуу өзгөрүүлөргө муктаждыгы билинди.

Арийне, мамлекетибизде туруктуулук болмоюн өнүгүп-өсүү, алдыга жылуу кыйын. Туруктуулуктун башаты – мыйзамдуулуктун сакталышы, шайлоолордун ачык, таза, адилеттүү өтүшүнө көз каранды экени эчен ирет далилденди. Андыктан элдин мүдөөсү, мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан бийик тураарын шайлоого бараткан саясий күчтөр эстен чыгарбашы керек. 

Жогорку Кеңешке болчу шайлоого катышып жаткан партиялардын саясий көз карашы ар кандай болушу мүмкүн. Бирок мамлекеттин бүтүндүгү, эл достугу – башкы байлыгыбыз экенин баарыбыз билүүгө тийишпиз.

Алдыда боло турган парламенттик шайлоо Кыргызстанды бөлүп-жарбай элдин биримдигин бекемдөөчү фактор болушу абзел.Дал ошол себептен, биздин “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиябыз кеңешип, келе жаткан парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен биригип, аламан жарышка чогуу чыгуу чечимин кабыл алдык. Бардыгыбыз үчүн жеке амбицияларды таштап, мамлекет, эл үчүн иштей турган убакыт келди! Эмнеге “Ата-Журт Кыргызстан”! Анткени, башка партияларга караганда дал ушул азыр баарыбыз туусунун алдына чогулган “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен көз караштарыбыз толук туура келди. Андан тышкары, мени кубантканы, бүгүн биз тизме түзүүдө таза, жаш, булганбаган кадрларды топтоп жарышка түштүк. Ар бир талапкер дилинде Кыргызстан үчүн күйөт, ниетинде өлкөбүздүн элин жакшы жашоого жетелегиси келет!

Популярные новости