“Ата-Журт Кыргызстан” №21 “Ата Журт Кыргызстан” партиясы өзүнүн жолугушуусун Нарындан баштады-(ФОТО)

“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Бакыт Төрөбаев: Өнүгүүгө биринчи кадам – жарандарыбыздын дени сактыгы жана билими. Биз ошону камсыздайбыз
Бүгүн, 30-октябрда “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы Нарын шаарынын эли менен жолугушту. Анда Бакыт Төрөбаев эмне себептен аталган партия менен чогуу шайлоого баратканын айтып берди.
“Жаңы Конституциянын негизинде жаңы президенттик башкаруу системасы кирди. Парламент – мыйзам чыгаруучу орган. Мыйзам чыгаруу органы өкмөттү түзбөйт, аны президент өзү түзөт. Ошондуктан, амбицияны таштап, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен чогуу туруктуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жол ачуучу программаны жаздык. Булардын баары ата-энелерибиздин бакыт жашоосу, балдарыбыздын бактылуу балалыгы үчүн”, – деди Төрөбаев. Андан ары Бакыт Төрөбаев учурдун көйгөйлөрүно токтолду:
“Ар бирибиздин көкүрөгүбуздө маселе бар. Мамлекеттик деңгээлде тышкы карыз, коронавирус, баалардын өсүшү. Мен бир нерсеге басым жасагым келет: экономиканы көтөрүү үчүн эмне кылуу зарыл? Биринчи кезекте адамдын ден соолугун чыңдап, билимин көтөрүү кажет. Статистикада акыркы эки жылда бизде баланын төрөлүшү азайып баратат. Баш кошкондордун саны аз. Бул терс көрүнүш. Дагы бир статистика – Кыргызстанда эркектердин орточо жаш курагы ылдыйлоодо. Экономиканы эркек киши менен аял киши көтөрөт. Эркектин дени сак, билимдүү, күчтүү болсо активдүү жаранга айланат. Он жыл мурда эркектин орточо жаш курагы 67 жаш болчу, азыр 64кө түштү. Бул абдан чоң көйгөй. Анткени, акыркы жылдары бул маселеге көңүл бурулбай калды. Бүгүнкү күндө 61 пайыз эркектердин оорукчан болуп калганы ошондон, алардын үйлөнбөй жатканы, балалуу болбой жатканынын себеби да ушунда. Ушул жагдайларды эске алып, биз, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы туруктуу өнүгүү жолундагы программабыздын башкы багытына адамзатын өнүктүрүүнү киргиздик. Жарандарыбыздын ден соолугу чың болсо, жумуш менен камсыз болсо, терең билим алышса – өнүгүүгө ташталган кадам ошол”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Популярные новости