Айбек Маткеримов: “30 жыл боюу өлкөдө орун алган теңсиздикти жон терим менен сезип чоңойдум”

20-ноябрда «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын лидери Айбек Маткеримов Өзгөн районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда «Шайлоо Мекенибиздин, балдарыбыздын келечегин аныктайт. Демек, аны акчага алмаштырбашыбыз керек», – деп эскертти. . Ал шайлоочуларды жеке каалоосу боюнча гана добуш берүүгө чакырды. «Добушуңарды сатуу менен балдарыңардын келечегин сатып жатасыңар, бүгүнкү күнүңөрдү, курсагыңды гана ойлоп, биздин балдарыбыздын келечегин жокко чыгарасыңар, ойлонгула! Биздин партиянын максаттарынын бири – коррупция менен күрөшүү. Биз куру убадаларды бербөөгө умтулабыз жана бизди жөн гана кооз сөздөргө ишенүүгө мажбурлабайбыз. Мекенге болгон сүйүүңдү эмгегиң менен көрсөтүшүң керек. Биздин партиянын ишмердүүлүгү коррупция менен күрөшүүгө багытталган жана бул көрүнүшкө каршы мамлекеттин кадамдарын колдойбуз. Партия мүчөлөрү коррупцияга каршы мыйзам долбоорлорун кошумча иштеп чыгышат. Биздин бир жалпы Мекенибиз бар – Кыргызстан! Мекенибизди өнүктүрүүгө бирге аракет кылышыбыз керек! Дагы бир көйгөй – миграция. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде чет өлкөдө иштеген бир тууганы болсо керек. Канчалаган балдар ата-эненин камкордугусуз, мээриминен ажырап чоңоюшат. Биз өлкөдө адамдар иштеши үчүн жумуш орундарын түзүшүбүз керек. А биздин колубуздан келет”,-деди Айбек Маткеримов.

Популярные новости