Шарийпа Молдалиева, талапкер: “Медицинага инвестиция тарттуу керек”

Куттуу Таласка келгенибизге абдан кубанычтамын. Медик болгонума байланыштуу ушул тармакты айтып кетсем дейм. Былтыр пандемияда биздин мамлекетибизде кандай кырдаал көйгөй жаралганын өзүңүздөр көрө алдыңыздар. Баарын жон терибиз менен сезе алдык. Чындыгында пандемия көзүбүздү ачты десек жаңылышпайбыз. Мен саламаттыкты сактоо тармагын айта кетсем биздин поликлиникалар, балдар ооруканасы, тез жардам унааларынын кандай экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Турмуш аны айгинеледи. Кандай шартта, көйгөйлөр менен жашап атканыбызды көрдүк. Биздин өлкөбүздө курч маселер көп экенин көрдүк. Биздин Ата Журт Кыргызстан партиясындагы программа аябай кеңири жазылып, көңүл бурулган. Медицинага инвестиция тартышыбыз керек. Саламаттыкты сактоо тармагындагы сапатттуу медициналык техникаларды алып келүү Ата Журт Кыргызстан партиясынын бирден бир приориеттүү багыттарынын бири. Талас чындыгында баатырлар, залкарлар көп чыккан. Тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган адамдар чыккан кутттуу элде өзүңөрдүн балаңар Фархатты көрүп турасыздар. Фархаттын маданият тармагына кошкон. Мен өзүңөрдүн таза, жаш, кулунуңарды колдоп бересиздер деп ишенем. Ушундай жаштарды, татыкттуу инсандарды колдошубуз керек. Фархатты шайлап берсеңиздер көп көп инвестицияны, алып келет. Өсүп келе жаткан жаштардын жолуна көмөктөшөт деп мен ишенем. Келе жаткан шайлоодо салтка айланып калган сатып алууну жолотпой таза шайлоого катышып берсеңиздер. Ата Журт Кыргызстан партиясынын көптөгөн эл үчүн программалары бар.

Популярные новости