“Ата Журт Кыргызстан” №21 Кадыров Бахтияр Сабиржанович (Өмүр баяны)

Кадыров Бахтияр Сабиржанович (Өмүр баяны)
Кадыров Бахтияр Сабиржанович 1963-жылы 6-июлда Ош областына караштуу Кызыл-Кыштак айылында туулган. 1970-жылы Бишкек шаарындагы №6 мектептин босогосун аттап, 1980-жылы аяктаган. 1986-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1983-1986-жылдары спорттук курулуш комбинатында инструктор болуп иштеген. 1986-1987-жылдары Фрунзе шаарында ИДН кызматында аркалаган. 1987-1989-жж. № 62 орто мектебинде тарых мугалими болуп иштеген. 1989-1989 –жылдары КГИФК комсомол комитетинде катчы болуп иштеген. 1989-1992 –жылдары № 11 орто мектебинде тарых мугалими болуп иштеген. 2015 – жылы № 29 Гимназиялык билим берүү мектеп – комплексинде директор болгон.
Саясий ишмердүүлүгү:
2010-жылдын 10-ноябрынан баштап, -2010-жылдын 23-декабрына чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.
2010-2015-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинде депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.
. 2016 -2021 –жылдары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары кызмат кылган.
. 2016-жылдан баштап азыркы учурга чейин – Президенттик администрациянын кечирим берүү комиссиясынын катчылыгында иштеген.
Кошумча маалымат:
2008 – ж. – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими,Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги.
СССР спортунун мастери.
Кыргыз Республикасынын баскетбол Федерациясынын Президенти.
«Ала – Тоо» КВН расмий лигасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
КМШ өлкөлөрүндө ар жыл сайын өткөрүлүүчү «Балдар шериктештиги» маданий – билим берүү форумунун уюштуруучусу.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын «Шериктештик» Ордени менен сыйланган.
2017 – жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.
2017 – жылдан азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Өзбек улуттук-маданий борборунун төрагасы.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы

Популярные новости