“Ата-Журт Кыргызстан” Пархат Тулендибаев элдин үнүн уккан талапкер

***

Кыргыз калпагын кыргыздардан кем эмес, дайыма башынан түшүрбөй кийген Пархат Тулендибаевди ким билбесин. Пархат Розымович  депутаттардын арасында кайрымдуулук иштерди өтө көп жасаганы менен белгилүү. “Унчукпай тоодой иш бүтүргөн мыкты”-деп шайлоочулары абдан жакшы көрүп урматташат. Дал ушул сакадай боюу сары алтын  Пархат Тулендибаев дагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна “Ата Журт Кыргызстан” партиясы менен аттанды. Ушул убакытка чейин жасаган иштеринин аркасында эле жүздөгөн шайлоочу топтогон кадыры бийик каарманыбыз учурда парламентке барса дагы деле көп иштерди жасайт. Өзү шайланып келген  Аламүдүн районунун аймагына болуп көрбөгөндөй иштерди жасап, жолдорун оңдотуп, оорукана салдырып күнү-түнү тыным билбей иштеди. Эми шайланса мындан дагы жогорку деңгээлде иштейт деп уялбай эле айта алабыз.  Айрым депутаттар микрофон талашып бакырганы менен жыйынтыгында шайлоочуларына эч нерсе жасап бере алган эмес.  Пархат мырза микрофонго көп чыкпаса дагы элдин арасына өтө көп барып, көйгөйүн угуп “муну өкмөт чечсин”-дебей өзү колунан келишинче жайгарып, эл менен эл болуп иштеп келе жатат. Бул сапар  шайланса, элдин жүгүн көтөрүүдө эч качан өзүнүн мээнетин аябайт деп кепил боло алабыз.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуз!

Популярные новости