“Ата-Журт Кыргызстан” №21 Биздин партия эл тарапта болот

***

Саясатты ары жылдыра туруп, жөнөкөй эле кыргыздын Ата – Журт же Кыргызстан деген сөздөрү уккан кулакка жагымдуу, өтө жугумдуу, ар бир кыргыздын, ата -журтун аздектеген адамдын көңүлүнө жага турган сөз. Биздин “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы ата -журттун жүгүн көтөрүү үчүн алдыдагы аламан байгеге аттанды. Элдин жүгүн көтөрүп, элге курулай убада бербей, кандай гана кырдаал болбосун калктын камын көргөн партиялардан болот деп ишендирип кете алабыз. Кудай буюруп, эл колдоп Жогорку Кеңешке өтүп алса, өлкөдө кандай гана саясый кырдаалдар болбосун эл тарапта болгон партия болооруна  кепилдик беребиз. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин дагы иштеп келген, өзүнүн иши, калккка кам көргөн талапкерлерден куралган партия. Эл азыр парламенттен жалаң гана жаштарды көргүсү келип турган кези. Курамды деңгээли бийик, саясатта мурда кийин жаман-жакшы иштерге аралашпаган, акылы тунук жаштарыбыз баштап баратат. Азыр элдин түшүнүгүндө “акчасы жок киши депутат боло албайт”-деген түшүнүк жашап калбадыбы. Ошол түшүнүктү жокко чыгарып, биздин командада жөнөкөй эле жарандардын балдары, көкүрөгүндө өртү бар, көңүлүндө мамлекетке жасайм деген максаты бийик жаштарыбыз баратат. Бул баарыбызды аябай кубандырат.  Шайлоодо эл парламенттен жаңы жаштарды көрүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, бул сапар  колдоого алса, эч жаңылбайт деп ишенебиз.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуз!

Популярные новости